Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Пакистанда оппозиция шайлоо алдында кысымга кабылганын айтып чыкты


Имран Хан. Архивдик сүрөт.
Имран Хан. Архивдик сүрөт.

Пакистанда түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы шайлоо алдында жапырт мыйзам бузуу менен коштолгон кысымга кабылып жатканан бүгүн 2-январда жергиликтүү укук коргоочулар айтып чыгышты.

Шайлоо комиссиясы оппозиционер Хандын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясын бюллетендеги тизмеге кошкон, бирок анын өзүн жана көптөгөн башка тарапкерлерин киргизген эмес.

«Кабыл албай койгон көрүнүштөр системалык мүнөзгө ээ болгон сыяктанат», - деп билдирди France-Presse агенттигине Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын (HRCP) өкүлү Фархатулла Бабар.

71 жаштагы Хан камакка былтыр августта коррупция үчүн алынган. Ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. Бийликтен 2022-жылы парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыккандан кийин кеткен.

Жаңы премьер-министрди тандай турган парламенттик шайлоо Пакистанда 8-февралда өтөт.

Дагы бир мурдагы премьер-министр, 2017-жылы жемкорлукка байланыштуу айыптоолордон улам кызматтан алынган 74 жаштагы Наваз Шариф төртүнчү жолу өкмөттү башкаруу үчүн шайлоого катышмай болгонун өткөн аптада жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG