Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Садыр Жапаров Жапониянын жетекчилерине көңүл айтты


Жапония. Кырсык болгон аймак.
Жапония. Кырсык болгон аймак.

Президент Садыр Жапаров Жапонияда адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу бул өлкөнүн императору Нарухитого жана премьер-министри Фумио Кисидага көңүл айтты.

Президент көңүл айтуу телеграммасында “каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшө турганын, жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишине тилектеш” экенин билдирген.

1-январда Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, 50гө жакын киши каза тапты. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, автоунаалар, кайыктар талкаланды. Кырсык болгон аймактан 100 миңдей адам эвакуацияланды.

Жапон өкмөтү апта ичинде жер дагы титиреп, күчү 7 баллга жетиши ыктымал экенин эскертип, кооптуу аймактарда жашаган элди этият болууга чакырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG