Норвегиянын бийлиги Украинага куралды түз сатууга уруксат берди

Норвегиянын мамлекеттик туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

1-январдан тартып Норвегиядагы курал чыгаруучулар аны Украинага түз сатууга укук алышты. Негизи Норвегиянын мыйзамдары согушуп жаткан өлкөлөргө курал-жаракты түз сатууга уруксат бербейт. Бирок бул жолу Украинага түз сатууга уруксат берилди.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде белгилегендей, Украинаны колдоо өлкөнүн гана эмес, жалпы Европа чөлкөмүнүн коопсуздугу үчүн маанилүү.

"Биз бул мыйзамсыз согуш узакка созуларын эске алышыбыз керек", – деди ал.

Норвегиядагы курал-жарак өндүргөн ишкерлердин согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө куралды түз сатууга тыюу салган мыйзамдары Украинадан башка өлкөлөр үчүн күчүндө кала берерин норвегия өкмөтү маалымдады.

Норвегия Евробиримдиктин мүчөсү эмес, бирок Европа экономикалык аймагына карайт. НАТОго мүчө.

Орусия Украинага кол салгандан тартып, расмий Осло Москваны айыптап, Украинага финансылык жана аскердик жардам көрсөтүүгө кошулган. Норвегия Украинаны курал менен жабдып, аскерлерин машыктырып келет.

2023-жылы Норвегия Украинага жардам катары 11 млрд крондой (1 миллиард доллардан ашуун) акча берди. Мындан тышкары гуманитардык жардамдар да берилген.

Дагы караңыз

Израил бир нече миң аскерин Газадан чыгаратТехнология дүйнөсүндө бурулуш жасаган беш окуя Жаңы жыл түнү Санкт-Петербургда 3 миңдей мигрант кармалдыОрусиянын чабуулунан Сумыда бир киши набыт болдуЖапонияда цунами коркунучунан улам калкты эвакуациялоо башталдыБишкекте башкы аянтка жаңы туу илинди