Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Бишкекте башкы аянтка жаңы туу илинди


Бишкек. 1-январь, 2024-жыл
Бишкек. 1-январь, 2024-жыл

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болду. Жаңы тууну көтөрүү боюнча кандайдыр бир расмий иш-чара өткөрүлгөнү кабарланган эмес. Буга чейин “Ала-Тоо” аянтындагы флагштоктун ардак короол турган жайы демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланганы маалымдалган.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда туудагы күндүн нурлары жана түндүктөгү чамгарак өзгөртүлгөн. Тууну өзгөртүүгө каршы сын-пикирлердин аягы тыйыла элек. Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда эл ашыкча саясатташып кетти деп айтып чыкты.

Шашылыш өзгөргөн туу башкы аянтта

Желекти өзгөртүү мыйзамына президент 22-декабрда кол коюп, 26-декабрда күчүнө кирди. Ошентип, 2023-жылдагы эң ири саясий окуялардын бири Кыргызстандын мамлекеттик туусунун өзгөрүшү болуп калды.

1-январь, 2024-жыл
1-январь, 2024-жыл


Мурдараак бул жөнүндө коомдук деңгээлде сөз кылбаган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сентябрдын аягында капыстан эле мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарышты.

Тагыраагы, демилгечилер мамлекеттин башкы символдорунун бири болгон тууну өзгөртүүнү сунуштап чыкты. Алар мунун себебин алгач “туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылып” жатканы менен түшүндүрүшкөн. Депутаттар анда желектеги күндүн нурун чагылдырган толкун сымал сызыкты түз кылып чийип, түндүктөгү чамгарактын санын үчтөн төрткө көбөйтүүнү сунуш кылды.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, анын арты азыр да бүтө элек. Анын ичинде депутат Мирлан Самыйкожо парламент трибунасында мамлекеттик тууну өзгөртүүнү кескин сындап турду. Башка бир эл өкүлү Дастан Жумабеков тууну өзгөртүү үчүн бүткүл элдик референдум өткөрүү керектигин айтты.


Ортодо мыйзамдын демилгечилери туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековду, ошондой эле желекти кабыл алган “Легендарлуу парламенттин” төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов менен жолугуп, алардын сунуштарын, пикирлерин укту.

Кийин президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирип чыгышты. Өкмөт да ушундай позициясын жарыялады. Ушундан соң ноябрь ичи мыйзам долбоорун парламенттин комитети, кийин жалпы палата биринчи окууда жактырды.

Ага карабай коомчулукта нааразылыктар тынчыган жок. Социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө байланыштуу флешмобдор өтүп, Бишкекте митингдер жана жүрүштөр уюштурулду. Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, эки айга камалды.

Бирок бийлик өз демилгесин артка кайтарбады. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси өзүнө таандык экенин жарыялады. Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп, май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип, желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей, мени тепкилегиле”, – деди президент.

Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок.

Мындан үч күндөн кийин – 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. 20-декабрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алып берди.

Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)

Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөдү, башка талкуу болгон жок. Нуржигит Кадырбеков тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.

2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров мыйзамга кол коюп, тууну өзгөртүүгө акыркы чекит коюлду. Ошентип, өлкөнүн эң башкы символдорунун бири – желекти өзгөртүүнү бийлик шашылыш түрдө, үч-төрт ай убакытта гана чечип койду.

Бийликтин чечими, элдин үнү

Саясат талдоочу Руслан Акматбек “Азаттыкка” берген интервьюсунда Кыргызстандын туусун өзгөртүүдө калктын үнү угулбай калганын белгилеп, бул дайыма бийликке жабылган бир көө бойдон кала берерин айтты:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Тууну өзгөртүү боюнча чечим дээрлик талкуусуз кабыл алынып, коомдун пикири, үнү угулбай калды, ал унутулбайт. Ошондон улам мындан ары туу нааразылыктардын символуна айланат. Мындан ары боло турган терс көрүнүштөргө туунун өзгөрүүсү себеп болду деп коом мунун бийликтин берите кармайт. Лидерлер чыгып бириктире албаган оппозицияны, нааразылыктарды биздин өзгөрүп кеткен туубуз бириктирет. Мындайча айтканда, үмүттү коом өзгөрүлүп кеткен тууга байлай берет. Ошондуктан бийлик, орустар айтмакчы, өзүнө “медвежий услуга” кылды”.

"Элибиз ашыкча саясатташып кетти"

Президент Садыр Жапаров 31-декабрдын түнүндөгү жаңы жылдык куттуктоосунда кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кеткенин билдирди. Ал соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, эл мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болду деген пикирин айтты.

“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат. 30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу”.

Жапаров жарандарды маданиятты көтөрүүгө жана билимди арттырууга үндөдү. Өткөн жылы Кыргызстанда өнүүгө бет алган окуялар көп болгонун белгилеп, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашканын, ири инвестициялык жана инфрастуралык долбоорлор башталганын, салык жана бажы төлөмдөр көбөйгөнүн жана коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн айтты.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Толук 31 жылдан кийин желек өзгөрүүгө дуушар болду. Албетте, бийлик бул өзгөртүүнү "жөн гана алымча-кошумча киргизүү" деген позицияны карманды. Бирок көпчүлүк жашоочулар муну дээрлик жаңы туудай кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG