Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Израил бир нече миң аскерин Газадан чыгарат


Газа тилкесиндеги израилдик аскерлер. 1-январь, 2024-жыл.
Газа тилкесиндеги израилдик аскерлер. 1-январь, 2024-жыл.

Октябрдан бери ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы согуштук операция жүргүзүп жаткан Израил аймактан бир нече миң аскерин чыгарып кетет. Бул тууралуу Израилдин аскер жетекчилиги 1-январда маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир нече жумада Израилдин беш бригадасы Газадан чыгарылат. ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин аскерге чакырылып, резервде тургандардын да бир бөлүгү үйлөрүнө жиберилет.

ЦАХАЛ ошол эле учурда Израилдин ХАМАСка каршы согушунун максаты өзгөрбөй турганын, радикал топтун тилкедеги көзөмөлү жок кылынарын билдирүүдө.

"Бул максатка жетүү узак согушууну талап кылат, биз буга даярбыз" , – деди ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагари.

Газадагы аскерлердин бир бөлүгү түндүк тарапка - Ливан менен чек арага жиберилиши ыктымал. Ал жакта израилдик аскерлер менен "Хезболла" радикал тобунун согушчандары менен атышуу уланып келет.

Израилдин маалымат каражаттары жакынкы арада ЦАХАЛ Газа тилкесинин түштүгүндө - Хан-Юнис шаарында операциясын күчөтөрүн жазышты.

Газа тилкесиндеги согуш эки айдан ашык убактан бери уланып келет. Бул аралыкта израилдик аскерлер тилкенин басымдуу бөлүгүнө көзөмөл орнотту. ХАМАС радикал тобунун колунда 130 израилдик жаран барымтада кала берүүдө.

ХАМАС көзөмөл кылган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айынан берки согушта 22 миңдей, анын ичинде балдар мерт болгонун кабарлады. Дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG