Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Орусиянын чабуулунан Сумыда бир киши набыт болду


Орусиянын аткылоосунан өрттөнүп жаткан үй. Львов, Украина. 1-январь, 2024-жыл.
Орусиянын аткылоосунан өрттөнүп жаткан үй. Львов, Украина. 1-январь, 2024-жыл.

1-январда Украинанын аймактарында бир нече жолу аба чабуулунан коргонууга чакырган сиреналар жаңырды.

Борбор калаага жана башка аймактарга "Шахед" дрону менен чабуул жасалганы кабарланды. Киевдин мэриясы абадан коргонуучу жабдуулар иштеп, жабыркагандар болбогонун маалымдады.

Сумы облусунда орусиялык учкучсуз учак эки кабат үйгө тийип, эки адам - 52 жаштагы аял менен 40 жаштагы эркеке киши мерт болгон. Дагы үч киши уранды алдынан куткарылды. Куткаруу иштери уланууда.

Украин аскерлеринин маалымдашынча, 1-январда өлкө аймагына 10 учкучсуз учак кое берилип, анын тогузу атып түшүрүлгөн.

Орусия Украинанын тылын дээрлик күн сайын "Шахед" дрондору менен аткылап келет. 1-январга караган түндө 90 дрон чабуул койгон, 87си атып түшүрүлгөн.

Одессада дрондун сыныгынан 15 жаштагы бала мерт кетип, дагы үч киши ооруканага жеткирилгенин облусутун аскердик администрация башчысы Олег Кипер билдирди. Чабуулдан кеминде үч көп кабаттуу үй жабыркаган.

Львов облусунда дрон чабуулунан полководец Роман Шухевичтин мемориалдык музейи күйүп кетти.

XS
SM
MD
LG