Президент Бакыт Төрөбаевди кызматына бекитти

Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-декабрда кол койду.

Бакыт Төрөбаев буга чейин аткарып келген кызматы - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына кошо Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп президенттин 25-декабрдагы жарлыгы менен дайындалган.

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырган.

50 жаштагы Бакыт Төрөбаев саясатта соңку 15 жылдан бери аралашып жүрөт. Анын саясаттагы тушоосу Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясында кесилген. Ал 2007-2009-жылдары бул партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

2013-жылы Бакыт Төрөбаев баштаган төрт депутат “Республика” фракциясынан бөлүнүп чыгып “Өнүгүү” деген депутаттык топ түзгөн. Кийин Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча катышып, 13 мандатка ээ болгон.

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Кремлчил депутаттын Ташкентти чыйрыктырган сөзү Кемпир-Абад иши: шаардык сот абактагыларды камакта калтырдыОшто баланын өлүмүнө шектелип 18 жаштагы кыз кармалдыКазакстанда бороондон улам жүздөгөн айыл-кыштак электр жарыксыз калдыУКМК Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарын кармады