Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Кемпир-Абад иши: шаардык сот абактагыларды камакта калтырды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды. 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Арыз канааттандырылган жок.

28-декабрда шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыров, журналист Айданбек Акматов, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, активисттер Марат Баязов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов №1 тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG