Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик бажы кызматы ушул жылдын аягына чейин 111 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулта турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 28-декабрда Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарадагы сөзүндө айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Садыр Жапаровдун сөзү боюнча, быйыл 11 айда бажыдан 100 млрд 755,3 млн сом чогултулду. Эми жылдын аягында ал 111 млрд сомго жетет деп пландалууда.
“Бажы кызматынын жетекчилигине 107,6 млрд сом чогултуу тапшырмасы коюлган эле, силер бул тапшырманы ийгиликтүү аткардыңар”, - деди президент.
Садыр Жапаров Бажы кызматындагы аткезчиликке каршы күрөш тууралуу да сөз кылды. 11 айда бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 5547 факты катталып, бюджетке кошумча 657,6 млн сом түшкөн. Мамлекет башчы “Бажыда ар кандай мыйзамсыз схемаларга аралашкан 76 абийирсиз кызматкер кызматтан бошотулганын” да кошумчалады.
11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.
Райымбек Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК Бишкекте 120 жакын күрөөканаларды текшердиКочкордун мурдагы акими Курманбек Байтереков көз жумдуМайыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулатУКМК “Айсео” компаниясынын ээлерин кармадыКазакстанда "НеМолчи.kz" фондунун жетекчисине издөө жарыяланды