Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

УКМК “Айсео” компаниясынын ээлерин кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

28-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Орусиянын жаранын алдап кеткен үч адам кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2018-жылы Орусиянын жараны (Р.Д.А.) “Айсео” компаниясы менен өнөктөштүк келишим менен 14 млн доллардан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курган.

Иш жүзүндө “Айсео” ишканасынын ээси Кыргызстанды эки жараны (О.Б.А. жана А.К.Т.) болгон. Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин алар кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен кылмыштуу байланышынан пайдаланып, зомбулук көрсөтүп инвестордун мүлкүн жана акчасын тартып алып өзүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлашканы аныкталган.

Бул факты боюнча “Айсео” компаниясынын ээлери (О.Б.А., А.К.Т) жана башкы эсепчиси (А.Н.К.) кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG