Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

УКМК Бишкекте 120 жакын күрөөканаларды текшерди


Күрөөканадагы жазуу. УКМК тараткан сүрөт.
Күрөөканадагы жазуу. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарында иштеп жаткан 120 күрөөкананын ишмердүүлүгүн текшерди. Текшерүүгө Мамлекеттик салык кызматынын жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү кошо катышкан.

Жыйынтыгында эки ломбард тиешелүү уруксат кагазы жок иштеп жатканы аныкталды. Эки күрөөкана салык мыйзамдарын одоно бузган, ал эми үч ломбарддын алдамчылык аракеттери байкалган.

200% ашкан пайыздык үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу (ээсине билдирбей транспорт жана башка каражаттарды пайдалануу/сатуу) фактылары аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат. 120 ломбарддын жетекчилерине жылдык пайыздык ченди 43% чейин төмөндөтүү милдеттендирилди.

УКМКнын маалыматында атайын кызматтын демилгеси менен 29-декабрда каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайты аркылуу бардык ломбард жетекчилеринин чогулушу өтө турганы, анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылары кабарланды.

УКМК буга чейин Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканалардын ишин текшерген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып күрөөканалар маселесине токтолгон. Ал Кыргызстанда чоң үстөк пайыз менен акча берген күрөөканалардын ишин “элди тоноо” деп мүнөздөгөн. Ташиев бир нече күрөөкананы атап, эгер үстөк пайызы 30дан ашса, лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскерткен.

14-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызын чектөө мыйзамын сунуштап, Жогорку Кеңеш мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызына эч кандай чектөө жок болгондуктан, каалагандай коюп жатканын белгилеп, мыйзам кабыл алынса, күрөөканалар жылына 32% көп үстөк коё албай турганын айткан.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 440тан ашуун күрөөкана бар. Быйыл 11 айда ломбарддардан 70 миллион, былтыр 25 миллион 463 миң сом салык түшкөн.

Кыргызстанда буга чейин да көп пайыз менен карыз берген ломбарддардын иши талкууланган. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабууга буйрук берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG