Президент инвесторлорду алдап кеткен фактылар бар экенин айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып жатканын, укук коргоо органдары айрымдарынын каражатын кайра кайтарып берген учурлар бар экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды. Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле”, - деп жазды президент.

Быйыл Кыргызстанга кирген түз инвестиция кескин азайып кетти. Улуттук статистикалык комитет 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө кирген түз инвестициянын суммасын 429 млн доллар деп эсептеген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 31,7% аз.

Ноябрь айында Бишкекте өткөн “Мекендештер-2023” форумунун айрым катышуучулары Кыргызстанга инвестиция салууда кепилдик жана ишеним боюнча маселе бар экени айтышкан.

Орусиядан келген ишкер Өктөм Мамаева мындан үч-төрт жыл мурда Кыргызстанга инвестор алып келгенин, “тиешелүү мамлекеттик органдар акча сурап бизнесмен инвестиция салуудан баш тартканын” билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектин аянты 37 миң гектарга чейин кеңейетМичиган соту Трампка шайлоого катышууга укук берген чечимди күчүндө калтырды 27-декабрь: Жамгырчиевдин иши, Асановдун абалы, Крымда 33 моряк дайынсызFT: Евробиримдик Украинага Венгриянын макулдугусуз жардам берүү планын даярдоодоАбхазия Пицунда эс алуу аймагын Орусияга өткөрүп берүүгө макул болдуКазакстанда катуу бороондо калган аялдын жана небересинин сөөгү табылды