Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Мичиган соту Трампка шайлоого катышууга укук берген чечимди күчүндө калтырды


Дональд Трамп. Архивдик сүрөт.
Дональд Трамп. Архивдик сүрөт.

АКШда Мичигандын Жогорку соту Дональд Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 27-декабрда CNN кабарлады.

Аталган сот Трампты 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийдеги окуяга байланыштуу шайлоодон четтетүүнү талап кылган шайлоочулардын апелляциялык арызын кароодон баш тартты. Соттун мындай токтому ага талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Арыз менен кайрылган жарандар Конституциядагы «буга чейин АКШга ант берген жаран козголоңго же көтөрүлүшкө катышкан болсо мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жок» деген мазмундагы нормасын жүйө келтиришкен.

Баш мыйзамдын ушул эле талабына таянып өткөн аптада Колорадонун Жогорку соту Трамка шайлоого катышууга укук бербей турган чечим чыгарган.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трамптын тарапташтары 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы төрт кылмыш иши козголгон. Ал өзү булардын бирин да мойнуна алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG