Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

FT: Евробиримдик Украинага Венгриянын макулдугусуз жардам берүү планын даярдоодо


Евробиримдиктин лидерлелри. Архивдик сүрөт.
Евробиримдиктин лидерлелри. Архивдик сүрөт.

Европа Биримдиги Украинага каржылык жардам маселеси боюнча Венгрия менен тил табыша албай кала турган болсо 20 миллиард евросун кандайча жол менен бөлүп берери тууралуу планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу 27-декабрда Financial Times басылмасы өзүнүн булактарына таянып билдирди.

Басылма келтирген маалыматка караганда, Еврошаркеттин курамындагы кредиттик рейтинги жогору мамлекеттер жалпы бюджеттин алдындагы каржылык кепилдиктерди өзүнө алууга даяр. Мындай мүмкүнчүлүк уюмга капиталдар рыногунан Украинага зарыл сумманы карызга ала турууга шарт түзөт.

Мындай схема акчаны, Венгрия каршы болуп жаткандай, шаркеттин бюджетинен алуудан айырмаланып, Евробиримдиктин бардык мүчө мамлекеттеринин макулдугун талап кылбайт. Ошол эле учурда, айрым өлкөлөргө өз парламентинен макулдук алуу керек болот.

Евробиримдик бул схема боюнча даярдык иштерин март айына чейин аяктоону көздөөдө.

Дагы бир вариант катары шаркеттин жетекчилиги Украинага кыска мөөнөттүү арзан насыяларды берүүнү караштырып жатат. Быйыл мындай жол менен Украина 18 миллиард евро алды. Бирок бул үчүн Евробиримдиктин ичиндеги өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн макулдугу зарыл.

14-декабрда Евробиримдиктин саммитинде Украинаны жана Молдованы бул уюмга кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө расмий түрдө чакыруу чечими кабыл алынган, бирок Украинага экономикалык жардам катары алдыдагы төрт жылга 50 миллиард евро бөлүү тууралуу келишимди беките албай калган. Буга Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын каршы добушу себеп болгон. 1-февралдагы саммитте маселе кайрадан күн тартибине коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG