Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын 25-декабрда Ташкентте жаштар менен жолугушууда бул өлкөнүн парламентинин (Олий Мажлис) жогорку палатасынын (Сенат) төрайымы Танзила Нарбаева билдирди.
«Сиздер интернеттен Өзбекстанды тигиндей кылабыз же мындай кылабыз деп айткандарды көрүп жатасыздар. Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбойт. Муну силер билесиңер, түшүндүрүүнүн деле кереги жок. Бул нерсе биздин ар бирибиздин жүрөгүбүздө», — деди ал.
21-декабрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев агартуу жана руханий маселелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып «Өз максаттарын жана кызыкчылыктарын дипломатия жана саясат жолу менен коргоп келген «дүйнөнүн күчтүү борборлору» ачык басмырлоо, каршылык жана чыр-чатак жолуна түшкөнүнө күбө болуп жатабыз», — деп айткан.
Өткөн аптада Орусиянын «Справедливая Россия – За правду» партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепин Орусияда “мигранттар менен улам тутанып жаткан конфликттерди жаңы аймактарды, тагыраагы, өзбек жерлерин кошуп алуу жолу менен чечсе болорун” айткан.
«Бизге келип жаткан гастарбайтерлердин жерлерин өзүбүзгө кошуп алып, орус тилине аларды ошол жактан, мисалы, Өзбекстандын өзүнөн эле окутса болоруна ишенем», – деген Прилепин.
Ошону менен катар ал Орусияга Украинадагы согушун жеңгенден кийин Евразия аймагында да “кайсы бир пайдалуу нерселерди жасоого”, мурдагы СССРдин аймагы боюнча дооматын билдирүүгө эч ким тыюу сала албай турганын белгилеп, «Мен тамашалап жаткан жокмун. Биз бул теманы көтөрүп чыгабыз. Биздин эки миллион жараныбыз силердин аймакта болгондуктан биз ошол аймакка талапкер боло алабыз», – деп айткан.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын бул өлкөдөгү элчиси Олег Мальгиновду Прилепиндин айткандарына байланыштуу чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөн.
«Өз кезегинде элчи Олег Мальгинов Прилепиндин сөзү Орусиянын жетекчилигинин дос жана көз каранды эмес Өзбекстан боюнча расмий позициясына таптакыр туура келбей турганын айтты. Ал Орусия Өзбекстандын суверенитетинен, көз каранды эместигинен жана аймактык бүтүндүгүнөн эч качан күмөн санабай турганын билдирди”, — деп айтылды ТИМдин маалыматында.
Быйыл августта Госгвардиянын «Оплот» полкунун командиринин орун басары болуп дайындалган Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка дагы катышкан. Быйыл май айында ал кетип бараткан машинада жарылуу болуп, эки бутунан жабыркаганы маалымдалган.
Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жалпысынан миллиондогон жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдары орус жарандыгын алган.
2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан.
2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган.
2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.
Орусиялык белгилүү саясатчылар Казакстандын да аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген билдирүүлөрдү айткан учурлар болгон. (RK)
Дагы караңыз
Абдувапов көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин айттыТөрөбаев айыл чарбасын кантип өзгөртөт? Орусия Кара деңиздеги "Новочеркасск" кемеси чабуулга кабылганын ырастадыБаткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркады