Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Төрөбаев айыл чарбасын кантип өзгөртөт?


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевдин cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Көптөн бери сынга алынып келген тармакты жакшыртуу милдети өкмөт жетекчилеринин бирине жүктөлдү.

Кыргыз өкмөтү жаңы жыл алдында өз түзүмүнө өзгөртүү киргизип, буга чейин катуу сындалып келген жетекчилердин бирин алмаштырууну чечти. Эки жылдан бери айыл чарба тармагын жетектеп келген Аскарбек Жаныбековду башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген түшүндүрмө менен кызматтан алып, анын ордуна Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевди сунуштады.

Ошентип, Төрөбаев эми вице-премьерлик менен катар айыл чарба тармагын тескейт. Министрликтин аталышы да алмашып, буга чейин Айыл чарба жана мелиорация деп аталып келсе, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги деп өзгөртүлдү.

Министрликтин аты менен заты да өзгөрүп, мындан ары суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө маани берилерин Төрөбаев 26-декабрда парламенттеги комитет жыйынында билдирди:

"Аталышы өзгөрүп, суу ресурстарынан башталып калды. Суу ресурстарына өзгөчө көңүл бурулат. Мурда министрликтин курамында суу ресурстары кызмат эле болуп келсе, эми аны биринчи орунга коёбуз. Мен Акылбек Үсөнбекович менен сүйлөштүм, мурда капиталдык салымдарга, мектептерди курууга өзгөчө көңүл буруп келсек, эми дал ушул капиталдык салымдан каналдар, суу сактагычтарды курууга каражат бөлүп, мөңгүдөн баштап, фермерге жеткенче чейин маани беребиз. Жер астындагы жана үстүндөгү сууну толугу менен көзөмөлгө алганга аракет кылабыз".

Мындан сырткары өкмөт Төрөбаев аткарчу милдеттер катары айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону өнүктүрүүнү атады.

Комитет жыйынында депутаттар Төрөбаевди айыл чарба тармагын тартып кете алгыдай тажрыйбалуу кадр деп сыпатташты.

Ошентип, өлкө бийлиги көптөн бери сын-пикирлердин бутасында калган тармакты өкмөттүн жетекчилеринин бирине жүктөдү. Буга чейин Министрлер кабинетинде Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин жетектөө менен бирге вице-премьер деген кызматты аркаласа, эми мындай кошумча кызмат ээлегендердин катарына Төрөбаев кошулду.

Суу ресурстары демекчи, Кыргызстанда жана жалпы эле Борбор Азия аймагында акыркы жылдары кургакчылык болуп, суу тартыштыгы өзгөчө сезилүүдө. Буга байланыштуу Казакстан сентябрда Суу ресурстары жана ирригация министрлигин түзүп, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташа турган атайын башкармалык да болору айтылган.

Өзбекстан да сууну сарамжалдуу колдонуу боюнча ири долбоорлорду баштады. Буга байланыштуу Өзбекстанда каналдарды бетондоо боюнча эпкиндүү жыл жарыяланып, кийинки жылы 1 500 чакырым каналды (быйылкыга салыштырмалуу 4 эсе көп) бетондоо милдети коюлду. 2025-жылы бери дегенде эле 2 миң чакырым каналды бетондоо пландалууда.

Мурдагы айыл чарба министри, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Төрөбаевдин дайындалышын мындайча баалады:

"Акылбек Жапаровдун өкмөтү иштеп турганда ал айыл чарба министрин алмаштырабы же өнөр жай министрин алмаштырабы, эч пайда болбойт. Кимди министр кылса да ал өзгөртүп жибере албайт мындай саясат уланып жатканда. Өкмөт саясатын өзгөртпөсө эч нерсе болбойт".

“Ак жолдон” кесилген тушоо

50 жаштагы Бакыт Төрөбаев саясатта соңку 15 жылдан бери аралашып жүрөт. Анын саясаттагы тушоосу Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясында кесилген. Ал 2007-2009-жылдары бул партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. Парламентте жүргөндө “Ак жол” өлкөдө саясий туруктуулукту орнотту, оппозицияны эл ээрчибейт деген сөздөрдү айтканы белгилүү.

Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов. 2017-жыл
Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов. 2017-жыл

2009-жылдын этегинде өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен ачык араздашып кызматтан кеткен Камчыбек Ташиевдин ордуна чукул кырдаалдар министри болуп Төрөбаев күтүүсүз дайындалган. Бул тармакта бир да күн иштебеген, тажрыйбасы жок адамдын мындай секиригин бийликтеги эки ири топтун тиреши, регионалдык фактор менен да байланыштырышкан.

Ал министр болуп жарым жылга жетпеген гана убакыт иштеди. 2010-жылы бийлик күч менен алмашканда убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткен. Бакыт Төрөбаевди “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзү чакырган. Ушул чөйрөнү ичинен билгендердин айтымында, Төрөбаев адеп "коомчулук Бакиев жана анын айланасында жүргөндөрдү кодулап, жерийт" деп санааркап, макул болгон эмес экен. Бирок Бабанов аны бир топ аракет менен көндүргөн.

“Республиканын” тизмесине кирген Төрөбаев “Азаттыкка” курган маектеринин биринде бул партиянын парламентке келишине чоң салым кошконун айткан. Аны менен катар биринчи жолу “Ак жол” партиясынан депутат болгонуна мактанган:

"Анда биз жаштардын атынан келгенбиз. Ошол кезде ушундай сунуш болсо, жаштардын баары эле ага макул болмок. Мен өзүм так жүрдүм. Бюджеттин акчасын уурдаган жокмун. Кимдир бирөөнү мажбурлап, анын мүлкүн тартып алган эмесмин. Мен эл алдында тазамын. Эгерде кимде ким мамлекетке зыян келтирсе, аны соттош керек".

2013-жылы Бакыт Төрөбаев баштаган төрт депутат “Республика” фракциясынан бөлүнүп чыгып “Өнүгүү” деген депутаттык топ түзгөн. Андан эки жыл Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча катышып, 13 мандатка ээ болгон. Бул партиянын башкы багыты деп дал ушул айыл чарба тармагына өнүктүрүүнү атаган эле.

Парламентте Төрөбаев негизинен бийликчил позицияны карманганып, 2016-жылдагы конституциялык реформаны башында колдогону менен, кийин караманча каршы чыккан эле.

Бакыт Төрөбаев конституциялык реформа боюнча каршы пикирин байма-бай билдирип жаткан чакта, аны ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев каарып өткөнү белгилүү. Кийин Төрөбаев Атамбаевге "саясатта бышырганы үчүн" ыраазычылык билдирип, ал кездеги президенттин "дары болсун"деген сөзү ылакапка айланган.

Президенттикти көздөгөн Төрөбаев

2017-жылдагы президенттин шайлоодо Бакыт Төрөбаев талапкерлигин коюп, бирок добуш берүүгө аз калганда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жар салган. "Бабанов президент, Төрөбаев премьер" деген ураан астында барган тандем ал кездеги бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго жеңилип калган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Бакыт Төрөбаев катышкан эмес. Дал ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоо болуп, акыры Октябрь окуяларында бийлик алмашты. Төрөбаев Садыр Жапаров башында турган бийликтин колдоочуларынын катарында туруп, 2021-жылы "Ата Журт -Кыргызстан" партиясынын менен төртүнчү ирет депутат болду. Бул бийликчил фракциянын лидерлигин бир канча ай аркалап, былтыр мартта Министрлер кабинетинин төрага орун басарлыгына дайындалган. Ал өкмөттө айыл чарба, кен казуу, экология, курулуш тармактарына жооптуу.

Коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев өкмөттөгү жаңы өзгөрүүнү кубаттады:

"Өкмөттүн структурасы өзгөрүлүп, айыл чарбага көңүл бурулуп, министр бир эле учурда өкмөттүн орун басары болуп жатышы - бул мамлекеттик башкаруудагы жаңы тепкич. Бул деген, биринчиден, айыл чарбасына маани берүү, биринчи орунга коюу дегенди түшүндүрөт. Экинчиден, өкмөттүн орун басары катары өзүнүн кызматтык, бюджеттик мүмкүнчүлүгүн айыл чарбасына жумшаса экен деп, Бакыт Төрөбаевге токтолуп жатышат го. Менин оюмча бул жигиттен үмүттөнүүгө болот. Төрөбаевдин өзүнүн умтулуусун, тажрыйбасын эске алганда анын бул кызматка келиши айыл чарбасына чоң көмөк болот деген ойдомун".

Саясат талдоочулар Төрөбаевди саясий дымагы чоң, ал үчүн тынбай изденип, тажрыйба топтоого аракет кылган саясатчы катары сыпатташат. Парламенттеги фракция лидерлигинен аткаруу бийлигине өтүшү да дал ушул себеп менен түшүндүрүлгөн.

Бакыт Төрөбаев 1999-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин аяктаган. Ишин 1995-жылы “Жамиля жана К” деп аталган коммерциялык фирмада баштаган. 1998-1999-жылдары дыйкан чарбаны жетектеген. 2000-2007-жылдары “Мариям” ун комбинатын башкарган.

Бакыт Төрөбаевдин атасы, ардагер энергетик Эргеш Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болгон. Советтер Союзунун тушунда Жалал-Абад облусунда энергетика тармагында жооптуу кызматтарда иштеген.

Жаныбеков эмнеден жазды?

Кыргызстанда агрардык өлкө катары саналганы менен, айыл чарба тармагы көңүл жылытпай келет. Жыл сайын айдоо аянттарынын жери тарып, сугат суу менен камсыз кылуу көйгөйү күчөп, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселе курчуп келет.

Глобалдык климаттын өзгөрүү шартына суу ресурстары азайып, соңку жылдары сугат суу тартыштыгы, тоют жетишпестиги курч сезилип жатат. Айрыкча акыркы эки жылда сугат суунун жетишпестиги дыйкан-фермерлердин нааразылыгын жаратып, өкмөткө нааразылыкты пайда кылган.

Дал ушул нааразылыктардын эпкини жумуштан кеткен министр Аскарбек Жаныбековго тийип, катуу сындын бутасында калган эле. Ал мындай кырдаалды климаттан көрүп, бирок кырдаал оор экенин мойнуна алган болчу:

ASKARBEK JANYBEKOV, Minister of Agriculture
ASKARBEK JANYBEKOV, Minister of Agriculture

“Өзү быйылкы жыл оорураак болду, аны баарыбыз эле көрүп атабыз. Жаан-чачындын аз болушу, сугат суунун тартыштыгы, жазгы суук – ушунун баары биздин дыйканчылыктагы көрсөткүчтөргө абдан терс таасирин тийгизди. Албетте, бул Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу негизги көрсөткүчтөргө бир топ кедергисин тийгизди. Буга чейин азык-түлүк жөнүндө көп жерлерде, ар кандай деңгээлде айтылып жүрөт, биз отчёт да берип жүрөбүз. Буга чейин көп жылдар бою биз маанилүү тогуз азыктын ичинен үчөө менен өзүбүздү камсыз кылып келаттык эле. Быйылкы жылга бешөө менен камсыз кылдык деп тактап жатабыз. Ошондо кумшекер жана эт кошулуп жатат”.

Аскарбек Жаныбековдун мындай актануусуна карабай, анын кызматтан кетери саясий чөйрөдө бир нече айдан бери сөз болуп келе жаткан.

Буга кошумча Кыргызстанда өстүрүлгөн жер-жемиш, жашылчанын баасы кескин төмөндөп, дыйкандардын мээнети акталбай келет. Маселен, быйыл өлкөдө жыйналган дан эгиндеринин дээрлик 50% ашыгын берип келген Чүй аймагында түшүмдүүлүк жылдагыдан эки эсеге чейин азайып кетти. Облуста арпа-буудайдын түшүмү 46% аз жыйналды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда да түшүмдүн көлөмү жылдагыдан бир кыйла аз. 2023-жылы Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга салыштырганда 36,4% аз жыйналган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, быйылкы өзгөчө аптаптан жана суунун тартыштыгынан улам буудайдын түшүмдүүлүгү дээрлик 30%, арпаныкы 43,6% азайып кетти.

Ушундай шартта Айыл чарба министрлиги статистикалык мекеме болуп калды, аны реформалаш керек же жоюп салыш керек деген пикирлер көп эле айтылып келет. Эми дал ушул тармак өкмөттүн көздөй жетекчилеринин бирине тапшырылды. Канча жылдан бери өзгөртүүнү убада кылып, сунуш айтып келген Төрөбаевге бул милдет сыноо болмокчу.

XS
SM
MD
LG