“Ак-Тилек” бекетинде тыгында оор жүк ташуучу 470 машина турат

Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 22-декабрь саат 17:00гө карата 468 жүк ташуучу автоунаа кезекте турат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирип, машиналардын кезеги Казакстандын Жамбыл облусунда аба-ырайы жакшырып, Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөнү менен байланыштырды.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Өткөн аптада Казакстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Жамбыл облусунда күн кескин сууктап, айылдарда, жолдордо жана темир жолдордо чоң көйгөйлөрдү жараткан. Бороон-чапкындан улам жолдорго кар күрткүсү толуп, ондогон адамдар тыгында калып калышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Чехияда 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды WSJ Пригожиндин өлүмүн Патрушев уюштурганын жаздыЧүй облустук соту активист Адилет Балтабайды абакка кестиӨзбекстанды Орусияга кошуу тууралуу билдирүү талкуу жараттыКазакстанда митингге чыккан жумушчулардын экөө ооруканага түштүАкылбек Жапаров тариф саясаты боюнча: мындан ары байлар байлардай төлөйт