Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Чехияда 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Прага. 2023-жылдын 22-декабры.
Прага. 2023-жылдын 22-декабры.

Чехияда 14 адам атып өлтүрүлгөн кандуу окуяга байланыштуу 23-декабрь жалпы өлкө аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Полиция трагедиянын чоо-жайы териштирилип жатканын, каза болгондордун баары ким экени аныкталганын, жабыркагандардын экөө Бириккен Араб Эмирликтеринин, бирөө Нидерланддын жарандары экенин маалымдады.

21-декабрда борбор калаа Прагадагы Карлов университетинин философия факультетинде бир адам студенттерге ок чыгарган. 14 адам каза болуп, 25и жараат алган.

Кошмо Штаттар бул трагедияга байланыштуу Чехияга көңүл айтканын Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер 22-декабрда Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда билдирди:

«Жалпысынан 15 адамдын өмүрү кыйылган бул үрөй учурган окуя тууралуу уктук. Президент жана биринчи айым жакындарынан айрылган, акылга сыйбас зомбулуктун курмандыгы болгон үй-бүлөлөргө көңүл айттууда».

Кол салган киши ушул эле окуу жайдын 24 жаштагы студенти болгону, ал окуя учурунда каза тапканы кабарланды. Айрым маалыматтарга караганда, ал бийиктиктен боюн таштап өлдү, ал эми кээ бир маалыматтарда аны полиция кызматкерлери жок кылганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG