Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Казакстанда митингге чыккан жумушчулардын экөө ооруканага түштү


Жумушчулардын экөө ооруканага түштү. Сүрөт 2023-жылдын 21-декабрында тартылган.
Жумушчулардын экөө ооруканага түштү. Сүрөт 2023-жылдын 21-декабрында тартылган.

Казакстанда 11 күндөн бери нааразылык акциясын улантып жаткан мунайчылардын экөөнүн абалы начарлап, ооруканага түшкөнүн бүгүн 22-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы билдирди.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу 11-декабрда иш таштаган. Ал жакка полиция кызматкерлери көбүрөөк тартыла баштаганы кабарланган.

Кырдаал ошо бойдон, өзгөрүүсүз турганын айткан жумушчулар талабы аткарылмайынча акциясын уланта берерин билдиришти.

20-декабрда Каракиян районунун администрациясы билдирүү таратып, жумушчулар менен сүйлөшүү уюштуруу аракети жасалганын, бирок алар макул болбой, "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кабыл алуу талабын айтышканын маалымдаган. Митингчилер сүйлөшүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматты четке кагышты.

Казакстандын аймактарында жумушчулар нааразылыкка чыккан окуялар соңку жылдары көбөйдү. Негизинен алар маянаны көбөйтүү жана эмгек шартын жакшыртуу талабын коюп келишет. Айрымдарынын талабы аткарылса, кээ бирлери жумушунан бошонууга аргасыз болушкан.

West Oil ишканасынын жумушчулары аны «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Аймакта азыр жаан аралаш кар жаап, аба ырайы суук болуп турат.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен. Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG