Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты.
Ал Коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жигердүү жана кесипкөй иши өлкөнүн коопсуздугун сактап, элдин тынч эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
“Мен сиздерге ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, - деди ал.
Садыр Жапаров Коопсуздук кызматынын Нарын башкармалыгынын имаратын 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Мындан ары башкармалыктын иши жакшырат деген ишенимин билдирди.
Ал декабрь айынын башында УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышкан.(ZKo)
Дагы караңыз
Иранда хижаб маселеси боюнча көчмө сот отурумдарын өткөрүү сунушталууда Кыргызстанда 485 менчик клиника жабылды АКШ Өзбекстандын 119 жаранын мекенине кайтарды “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышы сынга кабылды