Казат Акматовду эскерүү кечеси өтүп жатат

Казат Акматовду эскерүү. Бишкек. 21-декабрь, 2023-жыл

Бишкектеги №58 мектепте Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Казат Акматов эскерилип жатат.

Жазуучунун аты берилген бул мектептеги иш-чараны "Эсимде" изилдөөчү аянтчасы уюштурган. Ага акын-жазуучулар, жазуучунун жакындары, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышууда.

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов "Эки сап өмүр", "Боз улан", "Ала-Тоо кары", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар", "Боз чымчык", "Архат" романдарын, "Миң бир күн. Окуялар, адамдар" публицистикасын, "Ажырашуу" драмасын жана "Мунабия" аңгемесин жазган.

Акматов кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчилерден болуп коммунисттик режимге каршы саясий күрөштү баштаган коомдук ишмер.

1990-жылдары "Кыргызстан демократиялык кыймылын" баштап чыгып, өлкөнүн коммунисттик жолдон демократиялык өнүгүү жолуна түшүүсүнө чоң салым кошкон.

1990-1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Андан кийин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеп, 2003-жылы эс алууга чыккан. Казат Акматов 2015-жылы узакка созулган оорудан каза болгон. (MZh)

Дагы караңыз

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге ККМ чек чогултуу тапшырмасы берилгенин ырастадыМинистр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айттыТөрт миңден ашуун адамга 800 млн сомдой пенсиянын топтомо бөлүгү берилдиТуудан чыккан талкуу. Саясаттагы ырым-жырымдарТашкентте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү