Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты. Бул тууралуу уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялады.
Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.
Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медал тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал утту.
30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарынын күмүш медалынын, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Сентябрда ал Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыккан. (BTo)
Дагы караңыз
Зеленский АКШнын колдоосу уланарына ишенерин айттыКазанда Алсу Курмашеваны колдоп чыккан активисттерге айып тагылдыДепутаттык комиссия оор кылмыш менен соттолгондор мунапыска илинип, бошотулганын аныктады Жезказган ЖЭБинде отказандар иштен чыгып, көйгөй жаралдыТүркмөнстанда бийлик жаңы жылдык балатыларды көчөлөрдөн алдырууда