Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

Депутаттык комиссия оор кылмыш менен соттолгондор мунапыска илинип, бошотулганын аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл алты айда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 501 адамды мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу сотторго сунуш киргизилип, анын 180и бошотулган. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 19-декабрдагы жыйынында айтылды.

Жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку Соттун өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу көптөгөн сот чечимдери туура эмес чыкканын иликтөөлөр көрсөткөнүн билдирди.

"Өтө оор кылмыштар менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген айрым бир соттолуучуларга кыска мөөнөт ичинде мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтүн өтөбөй чыгарылган. Ошол эле учурда анча оор эмес кылмыштар менен отургандардын ырайым тууралуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалал-Абадда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалыптыр. Ал 2018-жылы тоноо, зордуктоо сыяктуу оор беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген экен. Бирок 2022-жылы коррупциялык схема менен чыгып кеткен. Биз көп абактарды кыдырып чыктык, анда 4-стадияда рак оорусу менен ооруп жаткан аялдар, майыптар отурат", - деди эл өкүлү.

Ал тартип комиссиясынын ишинен жыйынтык чыкпай жатканына белгилеп, соттордун мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш ишин козгоо багытында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин кошумчалады.

Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор Нурмат Исраилов соттордун туура эмес чечимине байланыштуу эки жыл ичинде 32 иш бузулганын маалымдады.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абадда кармалганын кабарлаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, ал 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2022-жылы сот чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

УКМК "өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон судьялардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилерин" белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG