Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Казанда Алсу Курмашеваны колдоп чыккан активисттерге айып тагылды


Казан шаарында өткөн акция. 2023-жылдын 10-декабры.
Казан шаарында өткөн акция. 2023-жылдын 10-декабры.

Орусияда эркин журналисттерге, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун эки айдан бери камакта отурган кабарчысы Алсу Курмашевага карата куугунтукту токтотуу талабы менен акция уюштурган активисттерге айып тагылууда. 18-декабрда Татарстандын борбору Казан шаарында 10-декабрда митинг уюштурган активист Дарина Лунцованы тергөөчүлөр полицияга суракка чакырып, «административдик тартипти бузган» деген расмий айып такканы белгилүү болду.

Митинг учурунда «Алсу Курмашева – журналист, ал кылмышкер эмес» деген жазуу кармап турган Искандер Ясавеевге да ошондой эле айып тагылды.

Сот аларды күнөөлүү деп тапса, айыппул салынат же бир нече аптага камакка алынышат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын кызматкери, АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барып, июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгонор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин маалымдашты.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөдү.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу анын кармалышын кескин айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG