Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Жезказган ЖЭБинде отказандар иштен чыгып, көйгөй жаралды


Казакстан. Архивдик сүрөт.
Казакстан. Архивдик сүрөт.

Казакстанда Улытау облусунун Жезказган шаарында бүгүн 19-декабрда Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) бир нече отказаны иштен чыгып, көйгөй жаратканын «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. Шаардын акими Кайрат Шайжановдун айтымында, ЖЭБде эки гана отказан иштеп жатат, жылуулук түйүнүндө температура нормадан 10 градус төмөн болуп турат, маселени тез арада чечүү аракети көрүлүүдө.

Катуу суук башталгандан бери Казакстандын көптөгөн аймактарында ЖЭБдеги авариялардан улам миңдеген адамдар жылуулуксуз, суусуз калышты. Атырау шаарында бир күн бою таза суу жок болду. Темиртауда суу түтүгү тоңуп калып, шаардын бир бөлүгүндө суу жок болуп жатты. Акмоло облусунун Степногорск шаарынын тургундары үйү жылыбай жатканын айтып арызданышты. Павлодар, Кентау шаарларында да көйгөй жаралган.

Өлкөнүн Энергетика министрлиги маселе жылуулук берүү инфраструктурасынын эскилиги жеткендиктен улам чыгып жатканын билдирген. Быйыл жылуулук энергетика объектилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жалпысынан 37 миллиард тенге бөлүнгөнү маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG