Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин экинчи ирет шайлоого катыша турганын ишарат кылды.
Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 17-декабрда Фейсбуктагы баракчасына ал тууралуу Садыр Жапаровдун Элдик курултайда айткан сөздөрүн комментарийлеген билдирүүсүндө жазды.
“Биринчиден, президентибиз туура айтты. Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат, буюруса!”, - деп жазды Камчыбек Ташиев.
Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда делегаттардын бири “коомчулукта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чырдашып жатканы тууралуу сөздөр бар экенин” айтып, президентке суроо берген. Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен пикир келишпестик жок экенин, алар бийлик талашпай турганын билдирген.
Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.
2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.
Азыркы Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. (BTo)
Дагы караңыз
Орунтаев: Ар бир мыйзамсыз курулуш боюнча териштирүү жүрөтАманбаев АКШ кыргыз жарандарына берилген визаны 10 жылга узартарын айттыТууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилдиБишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияландыПутин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушуу кызыкчылыгы жокОрусия: депортациялануучу мигранттар атайын жайда 90 күн кармалатСадыр Жапаров: Мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошууда