Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Аманбаев АКШ кыргыз жарандарына берилген визаны 10 жылга узартарын айтты


Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев 2024-жылдан баштап АКШ Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартарын билдирди. Андан тышкары визанын баасы 205 доллардан 185 долларга арзандайт. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Мындан тышкары мен эки сунуш бердим. Биринчиси - Кыргызстандан жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын алып келип иштетип кайра өлкөгө кетирүү. Экинчиси - медайымдарды да ушундай эле тартип менен иштетүү үчүн мыйзамдуу жол ачуу сунушун бердим. Алар талкуулана турган болду”, - деди элчи.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “келишим боюнча бир-эки маселе калганын, ал чечилсе макулдашууга кол коюларын” айткан. Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирип келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG