Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:34

Садыр Жапаров: Мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошууда


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы кайрылуусунда ушул тапта миңдеген кыргызстандык жарандар дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү, жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги – жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү!" деп белгилеген президент.

Садыр Жапаров ошол эле учурда мамлекет да сыртта жүргөн мигранттарды колдоо багытында иштеп жатканын белгилеп, миграциялык процесстерди турукташтыруу, миграциянын факторлорун жумшартуу аракети көрүлүп жатканын айтып кеткен.

Мамлекет башчы сыртта жүргөн кыргызстандык мигранттар гана эмес, өлкө аймагындагы иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо багытында да жылыштар болуп жатканын маалымдады.

Президент алыс-жакында иштеп жүргөн бардык кыргызстандык мигранттарды өлкөнүн келечегин куруу үчүн биримдикте болууга чакырып, аларга ийгиликтерди каалады.

18-декабрь - Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө Эл аралык мигранттар күнү деп белгиленген.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны дүйнөнүн булуң-бурчтарында миграцияда жүрөт. Алардын эң көбү - 600 миңдей кыргызстандык Орусияда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG