Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияланды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектеги №67 орто мектепте жардыргыч зат орнотулганы тууралуу маалымат түштү деген негиз менен окуучулар, мугалимдер эвакуацияланды. Соцтармактарда тараган маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастап, учурда издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Аталган мектеп так ушундай себеп менен 1-декабрда да эвакуацияланган.

Өткөн жумада борбор калаада "бомба коюлган" деген маалыматтан улам бир катар сот имараттарынан, мейманканалардан, ресторандардан, ооруканалардан, соода борборлорунан жана 6-7 мектептен адамдар коопсуз жакка чыгарылган.

Жай айынан бери Бишкектеги бир катар мектептерге, жогорку окуу жайлардын имаратына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку Соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.

УКМК жалган маалымат тараткан бир нече жаран кармалганын билдирген. Алардын ичинде өспүрүм балдар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG