Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Садыр Жапаров курултайда мыйзам долбоорун жазуу сунушун Нурланбек Шакиевге ал бергенин айтты.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе”, “желекке тийбе” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы, Инстаграмдагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияландыАманбаев АКШ кыргыз жарандарына берилген визаны 10 жылга узартарын айттыПутин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушуу кызыкчылыгы жокСадыр Жапаров: Мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошууда Орусия: депортациялануучу мигранттар атайын жайда 90 күн кармалатАлматы: Желтоксонду эскерген акцияда саясий туткундар маселеси көтөрүлдүБелгилүү грузин кинематографисти Отар Иоселиани көз жумду