Алматы: Желтоксонду эскерген акцияда саясий туткундар маселеси көтөрүлдү

Oyan, Qazaqstan кыймылынын акциясы, Алматы, 16-декабрь, 2023-жыл.

Жекшембиде Казакстандын Алматы шаарында 1986-жылдагы Желтоксон окуяларын эскерген акция өттү. Анда саясий жүйө менен кармалган жарандардын маселеси көтөрүлдү.

Желтоксон монументинин алдында чогулгандардын айрымдары 37 жыл мурдагы окуяларды эскерүү менен бирге 2022-жылдын январындагы кандуу окуяларга байланыштуу соттолгондорду жана камактагы журналисттер Думан Мухаммедкарим менен Айгерим Тлеужанованы бошотууну талап кылышты. Чогулгандардын бир бөлүгү Желтоксон окуяларына толук саясий баа берилбей калганын айтышты.

Бир күн мурда Oyan, Qazaqstan кыймылынын активисттери да Алматынын борборуна чогулуп, 1986-жылдагы Желтоксон, 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларынын жана былтыркы Январь окуяларынын курмандыктарын эскеришкен.

1986-жылдын 16-19-декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы, же Казакстан ССРинин Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна мурда өлкөдө иштебеген Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан.

Бул акция күч менен таратылып, ал кийин куугунтук жана басым-кысым менен коштолгон. “Желтоксон козголоңу" күч менен басылган соң 90дон ашуун адам сот жообуна тартылган. Бул кандуу окуянын айынан соттолгондор Советтер Союзу таркагандан кийин гана акталган. Желтоксон окуясында канча адам өлгөнү алигиче так белгисиз.

Дагы караңыз

Белгилүү грузин кинематографисти Отар Иоселиани көз жумдуКыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталган долбоор артка чакыртылат Орусиянын Белгород облусунда атышуу болуп жатканы кабарландыСербияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдөИзраил Газанын чегиндеги өткөрмө бекетти гуманитардык жардам үчүн ачты