Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу сунушталган долбоор артка чакыртылат


Орусиядагы такси айдоочу. 2020-жылдын 26-марты.
Орусиядагы такси айдоочу. 2020-жылдын 26-марты.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары кыргызстандык такси айдоочуларга байланыштуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алмак болду. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, орусиялык депутаттар буга чейин Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүк алып, Орусия Федерациясынын аймагында такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну көздөп жаткан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууга бир шарт менен макул болгон.

Негизинен Кыргызстанда мыйзамдуу жол менен окуп, коррупциясыз сынак тапшырып, күбөлүк алгандардын толук тизмесин берүүнү талап кылган. Буга Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн 3 миң сомго сатып алгандар көп болуп жатканын жүйө келтиришкен.

Марлен Маматалиев Мамлекеттик Думанын депутаттарына азыркы тапта айдоочулук күбөлүктү Кыргызстанда сатып алуу мүмкүн болбой калганы тууралуу маалымат бергенин айтты.

Депутат Министрлер кабинетине Кыргызстанда мыйзамдуу айдоочулук күбөлүк алгандардын тизмесин Орусияга берүүнү сунуштап, ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер айдоочулук күбөлүк боюнча бирдиктүү база түзүп жатканын, жакында иш жыйынтыкталарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG