Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Израил Газанын чегиндеги өткөрмө бекетти гуманитардык жардам үчүн ачты


Керем Шалом бекетиндеги гуманитардык жүк ташыган унаалар.
Керем Шалом бекетиндеги гуманитардык жүк ташыган унаалар.

17-декабрдан тарта Израил менен Газа тилкесин байланыштырган Керем Шалом өткөрмө бекети гуманитардык жардам ташыган унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсеси жекшемби күнү билдирди.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу октябрь айында Израилдин аймагына кол салгандан бери аталган бекет жабык турган.

Расмий Тель-Авив бул бекет гуманитардык жардам үчүн ачыларын 15-декабрда жарыялаган болчу. Ага ылайык, Израил бул бекет аркылуу күн сайын 200 жүк ташуучу унааны өткөрүп турат.

Бириккен Улуттар Уюму Израилдин бул чечимин кубаттаган. Уюмдун маалыматына ылайык, согушка чейин негизинен Керем Шалом бекети аркылуу Газага коммерциялык товарлар ташылып турган. Согуш башталгандан кийин Газанын аймагына Египет менен чектеш Рафах өткөрмө бекети аркылуу чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардам өтө баштаган.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн жана 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. Тынымсыз чабуулдардан Газада миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 19 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар.

Израилдин чабуулдарынан улам Газадагы 2,2 миллиондон ашуун тургундардын дээрлик басымдуу бөлүгү жер которууга аргасыз болду.

24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылар 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израил болсо ондогон палестиндерди абактан чыгарган.

XS
SM
MD
LG