Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Сербияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө


Сербиянын президенти Александр Вучич Белградда добуш берип жатат, 17-декабрь 2023-жыл.
Сербиянын президенти Александр Вучич Белградда добуш берип жатат, 17-декабрь 2023-жыл.

Бүгүн Сербияда кезексиз парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Бул жолку саясий өнөктүк президент Александр Вучичтин өкмөтү үчүн референдум же сыноо катары сыпатталууда.

Жекшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы менен серб парламентинин мүчөлөрүнөн тышкары Белград баштаган 65 шаарда жана аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат.

Белградда 110 орундуу шаардык кеңеш үчүн оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирген "Сербия зомбулукка каршы" коалициясы менен "Александр Вучич-Белград токтобошу керек" деген бийликчил блок атаандашууда.

Парламенттик шайлоодо бийликчил "Сербиянын прогрессивдүү партиясы" добуштардын көбүн алары күтүлүп жатат. Байкоочулар бул жолку шайлоо коркутуп-үркүтүү жана медиа каражаттарындагы бир жактуу маалымат кампаниясы менен коштолгонун айтып жатышат.

Вучич шайланганына эки жыл боло элек 250 орундуу серб парламентин быйыл 1-ноябрда тараткан. Буга быйыл май айында жалпы 19 кишинин өмүрүн алган, ок атуу коштолгон эки окуядан кийин бийликке басымдын күчөгөнү себеп болгон.

3-майда Белграддагы мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кеминде сегиз классташын атып өлтүргөн. Андан бир күндөн кийин Белграддын түштүгүндөгү айылдардын биринде 21 жаштагы жигит автоунаасынан жергиликтүү тургундарга ок жаадырган. Бул окуялар Вучич баштаган лидерлердин отставкасын талап кылган акцияларга жол ачкан.

XS
SM
MD
LG