18-декабрда жалпы өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерин эртең менен туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 суук, күндүз 2…7 жылуу.
Талас аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 жылуу болот.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 жылуу.
Ысык-Көд облусунда түнкүсүн сууктун күчү-4…-9, күндүз -2... +3 градуска чейин жогорулайт.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндуз -4…-9 суук, бийик тоолуу аймактарында сууктун күчү түнкүсүн -21…-26 градуска жетет, күндүз -4…-9 градус суук болот.
Суусамыр өрөөнүндө түнү -17…-22, сутканын жарык убагында -6…-11.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Аба түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 5…7° жылуу.
Синоптиктер Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 55-110 чакырымында кар көчкү түшүүcү ыктымал дешет. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбош керек.
Дагы караңыз
Украина: Орусиянын дрон чабуулунда киши өмүрү кыйылды Грузия Евробиримдикке талапкер макамын алганын белгиледи Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди Нарында өмүр бою абакка кесилген жаран акыйкатчыдан жардам сурады ЦАХАЛ туткундагы үч жаранын жаңылып өлтүрүп алганын моюнга алды