Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

ЦАХАЛ туткундагы үч жаранын жаңылып өлтүрүп алганын моюнга алды


Барымтадагыларды бошотуу талабы менен чыккан израилдиктер.
Барымтадагыларды бошотуу талабы менен чыккан израилдиктер.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндөгү Шижаядагы салгылашуу маалында барымтада кармалып келаткан жарандарын жаңылышып өлтүрүп алганын моюнга алды. Набыт болгондор Кфар-Аза айылынан уурдалган Йотам Хаим менен Алон Шамриз, Нир-Амда колго түшүрүлгөн Самер Талалка экени аныкталды.

"Израилдин армиясы бул акыркы бир нече күндөн бери жигердүү согуш жүрүп жаткан аймак экенин белгилейт. Бул окуядан алынган сабак жер-жерлердеги бардык аскерлерге жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Жөөт армиясынын өкүлү Даниэл Хагари барымтадагылар туткундан кантип кутулуп кетиши мүмкүн болгон деген суроого "алар же өздөрү качып чыккан, же болбосо ХАМАС коё берген болушу ыктымал" жеп жооп берди.

Израил каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуяны иликтей баштады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагылардын өлүмүн "оор трагедия" деп сыпаттады.

"Ушул оор кечте дагы биз жараларыбызды таңып алып, окуядан сабак алуу менен барымтадагыларды түгөл бойдон, аман-эсен үйлөрүнө кайтарууга көп күч-аракет жумшайбыз," - деди ал.

АКШ президентинин басма сөз катчысы Жон Кирби окуяны "жүрөк ооруткан трагедия" деп атады.

"Бизде [АКШда] бул операция кандай жүрүп, кайгылуу окуя кандай болгону жөнүндө толук маалымат жок. Бирок, албетте, бул эч ким күтпөгөн жыйынтык", - деп кошумчалады Кирби.

15-декабрь күнү кечинде жүздөгөн жөөттөр Тель-Авивдин борборунда акцияга чыгып, Израил армиясынын аскердик штабына барышты. Алар өкмөттү ХАМАС менен барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы келишим түзүүгө чакырышты.

Алар колдоруна "Барымтадагыларды үйлөрүнө алып келгиле!" ,"азыр барымтадагыларды алмашкыла!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Октябрда барымтадан бошотулган 85 жаштагы Йохевед Лифшицтин кызы Шарон Би-Би-Сиге үч адамдын өлүмү тууралуу комментарий берип жатып, согушта ката кетерин, бирок ага карабай Израилдин бийлиги туткундагыларды бошотуу үчүн мүмкүн болушунча дипломатиялык аракеттерди көрүшү керектигин айтты. Анын пикиринде, дайыма эле күчкө сала берүү оң жемишин бербеши ыктымал.

Шарондун 83 жаштагы атасы Одед Лифшиц азыркыга чейин дайынсыз болууда. Ал дагы барымтага алынып, Газа тилкесинде белгисиз жерде турат деген божомолдор бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG