Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди


Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев
Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайдын экинчи күнүндө Министрлер кабинетинин төрага орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди.

Садыр Жапаров ал бийликке келгенден бери Камчыбек Ташиев менен мамилесине чок салгысы келген тараптар болуп келатканын, бирок, экөөнүн ынтымагына эч нерсе тоскоол боло албастыгын белгиледи.

"Эки дос бийлик талашып жатат деген, бири-бирибизди кайраштырган маселе үч жылдан бери келатат. Атайын кызматтарга бир аксакалдын телефон номурлары, жазуулары түшүп калган экен. Аксакал эле киши отуруп алып, уюштуруп жатат: "Cен Садырдын агасына барып "бир жуманын ичинде Ташиев бийликти басып алганы турат" деп айт, "сен аялына барып айт", "сен баласына барып айт", Ташиевди болсо мага койгула, мен аны өзүм бат эле көндүрөм" деп жатат. Алар бизди чабышсын дейт. Экөөнү ажыратсак, бийликти оңой кулатабыз деп жатышат. Мен ал видеону чыгарып деле жиберсем болот, ал менин колумда турат, бирок ал аксакал кишиге боорум ооруйт, абийирин төккүм келбейт. Азыр өзү деле тынчып калды", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Ташиевге атайын кол тийбестик макам берүүнүн зарылдыгы жоктугун, ал катуу кайтарууга алынганын билдирди.

15-декабрда курултайдын биринчи күнү Жалал-Абад облусунан келген делегат Элнура Жуманова УКМКнын төрагасына кол тийбестик макамын Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамдаштырууну сунуштаган.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктан кийин абакта жаткан Садыр Жапаров алгач өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, андан кийин премьер, 2021-жылы шайлоодо президент болгон. Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп калган.

Көп жылдан бери достук мамиледе экенин билдиришкен. Экөө тең "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Алардын мамилеси, достугу тууралуу коомдо ар кандай маалымат айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG