Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Нарында өмүр бою абакка кесилген жаран акыйкатчыдан жардам сурады


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагында. 2023-жылдын 14-декабры.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагында. 2023-жылдын 14-декабры.

Өмүр бою эркинен ажыратылып, 2005-жылдан бери Нарын шаарындагы тергөө абагында камалып жаткан жаран акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага анын укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп кайрылды. Бул тууралуу Омбудсмендин аппаратынан билдиришти.

Жаманбаева облустун жабык мекемелери менен таанышкан маалында Нарын шаарындагы тергөө абагына барып, камактагыларды кармоо шарттары менен таанышты. Эркинен ажыратылгандар аларды кармоо шарттарына арызданган эмес, бирок сот маалында укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган жаран менен аңгемелешкен маалда ал анын паспорту жоктугун, документти алууга жардам берүүнү өтүнгөн. Тергөө абагынын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, бул жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан паспорт берүү кыйын болууда. Соттолгон адам мындан тышкары ага дары-дармек керек болуп жатканын айткан.

Акыйкатчы тергөө абагынын кызматкерлерин улуттук мыйзамдарга ылайык камалгандардын укуктарын камсыздоого чакырды.

Андан кийин Жаманбаева Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайын көрүп чыккан.

Кыргызстанда жабык мекемелерге реформа керетиги көп жылдардан бери айтылып келатат. Өзгөчө камалгандарды жана соттолгондорду медициналык тейлөөнүн сапаты далай суроолорду жаратууда.

Быйыл июнда Кыргызстандын түзөтүү колонияларында үч жаран кайтыш болгон. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына ылайык 6-июнь күнү №27 түзөтүү колониясында К. у М. өз жанын кыйган. 24-июнда болсо №31 түзөтүү колониясында Т. Т. аттуу жаран боор циррозу илдетинен каза тапкан. 27-июнда №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан А.А. аттуу жарандын жүрөгү токтоп калган.

Борбордун маалыматы боюнча 2019-2021-жылдары өлкөнүн жабык мекемелеринде 151 адам каза болгон.

  • 41и (28%) – жүрөк-кан тамыр илдеттери;
  • 25и (17%) – “башка илдеттер” (кайсы илдеттер экендиги так көрсөтүлгөн эмес);
  • 19у (13%) – COVID-19 жана пневмония;
  • 11и (8%) – боор циррозу жана башка илдеттер;
  • Сегизи (6%) – АИВ (ВИЧ)-инфекция;
  • Жетөө (5%) – ар кандай этиологиядан алган жарааттар;
  • Бешөө (4%) – инсульттан улам каза тапкан.

Маалыматка караганда, мындан башка камактагы эки киши маңзатка ууланып, 2020-жылы бир киши кыйноодон ажал тапкан деген божомол бар.

Кыйноолорго каршы борбор жабык жайлардагы жарандардын саламаттыгы начарлаган маалда өз учурунда тиешелүү медициналык жардам берилбесе, ал кыйноонун түрүнө кирерин билдирген. Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттерге жана Конституцияга ылайык соттолгон жаран шайлоо, шайлануу жана ээн-эркин жүрүү укугунан гана четтетилет, анын адам катары калган укуктары жабык мекемеде да сакталышы керек.

XS
SM
MD
LG