Жума күнү кечинде Тбилисидеги Эркиндик аянтында Грузиянын президенти баш болгон 20 миңдей адам катышкан акция өттү.
Буга чейин Европа Кеңеши Грузияга Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү чечимин кабыл алган.
Еврокеңештин мындай чечимин өлкөнүн бардык саясий күчтөрү кубаттады.
Грузиянын үчүнчү президенти Михаил Саакашвилинин Фейсбуктан Грузиянын Евробиримдикке чапкан жолун "Украина ачты" деп билдирди жана грузин элин "өлкөнүн Евробиримдикке толук кандуу мүчөлүгүн жакындаткан башкы субъект" деп жарыялады.
Грузиянын азыркы президенти Саломе Зурабишвили митингге келгени менен ага Конституцияны бузуп, "Европага макулдашпай туруп барган" деген жүйө менен трибунадан сөз берилген жок.
Премьер-министр Ираклий Гарибашвили митингде Грузия "талапкерлик макамына көп жылдар бою жүргүзгөн күрөшүнүн жана эмгегинин аркасында ээ болгонун" айтты. Ал "Грузиянын ички жана тышкы душмандары" максатка жетүүгө тоскоол болууга аракет кылышты, бирок жеңилген жокпуз, деп кошумчалады.
"Бүгүнтөн баштап Грузия – Европа өлкөсү", - деди.
Бийлик эми Европа Биримдиги талап кылган бир катар милдеттерди аткарышы керек. Андай тогуз талаптын арасында сот реформасы, шайлоо системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана саясий атаандаштыкка кеңири шарт түзүү бар.
Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы митингге башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы менен катышуудан баш тартты. Оппозициячылар "тарыхый жеңишти" өз кеңсесинде белгилешти. Партиянын төрагасы Леван Хабеишвили өлкө макамды "Орусиянын Грузиядагы бийлигинин айла-амалдарына карабай алганын билдирди.
Грузин жарандарын АКШнын элчиси Робин Данниган баштаган бир катар чет өлкөлүк өкүлдөр куттукташты.
Грузия Евробиримдикке талапкер макамын өткөн жылы алары күтүлгөн. Бирок, Еврошаркет Украина менен Молдовага макам бергени менен расмий Тбилисиге 12 сунуш жиберген.
Европа менен Грузиянын интеграциясы 2014-жылы башталган жана бир катар келишимдер түзүлгөн. 2017-жылдан тартып Грузиянын жарандары Шенген визасын колдоно баштаган.
Өлкөнүн Орусиянын таасиринен кутулуп, Европага багыт алышына мурдагы президент Михаил Саакашвилинин жүргүзгөн реформалары чоң түрткү берген.
Дагы караңыз
Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди Нарында өмүр бою абакка кесилген жаран акыйкатчыдан жардам сурады ЦАХАЛ туткундагы үч жаранын жаңылып өлтүрүп алганын моюнга алды Баткенде үч ишкер "көмүр баасын көтөрдү" деп айыпка жыгылды Москвада полиция менен тирештен кийин 80ден ашык мигрант кармалды Президент Жапаров өлкөдө кадр боюнча маселе бар экенин айтты