FT: Орусиянын камакка алынган активдерин конфискациялоо талкууда

Орусиянын Борбордук банкы.

Financial Times Батыш өлкөлөрү Орусиянын камакка алынган активдерин Украинанын пайдасына конфискация кылуу жолдорун изилдеп жатканын жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, акыркы апталарда АКШ эсеби жабылган орус активдерин конфискациялоо боюнча жеке сүйлөшүүлөрдө ушул позицияны катуу карманарын билдирген.

“Чоң жетинин” (G7) жыйындарында АКШ активдерди конфискациялоонун “эл аралык укукка ылайык келген” жолу бар экенин жарыялаган.

“Чоң жетинин” мүчөлөрү жана башка мамлекеттер Орусияны агрессиясын токтотууга каршы чара катары Орусиянын активдерин конфискация кылышы мүмкүн”, - деп айтылат Financial Times гезити таанышкан АКШнын документинде.

Орусиянын камакка алынган активдери боюнча сүйлөшүүлөр акыркы апталарда Украинага 100 миллиард доллардан ашык каржылык жардам көрсөтүү аракети ишке ашпай калгандыктан жанданганы айтылды.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд доллардай каражатын камакка алган.

Дагы караңыз

Экинчи Элдик курултайдын иши жыйынтыкталдыАлматыда кар күрткүдө калгандарга жардам берүү үчүн барган куткаруучулар өлкөгө кайтыштыПрезидент Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү талабына жооп бердиБишкектеги “Ош” базары көчүрүлүп, ордуна парк салынары айтылдыСадыр Жапаров тууга өзгөртүү киргизүү идеясы ага таандык экенин айтты