Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

Экинчи Элдик курултайдын иши жыйынтыкталды


Экинчи Элдик курултай.
Экинчи Элдик курултай.

16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултайдын иши аяктады.

15-декабрда башталган курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышты.

Жыйында чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн көбү социалдык маселелерди, мектеп, бала бакча, жол куруу, таза суу көйгөйлөрүн көтөрүштү. 7-8 адам мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесине каршы экенин айтышты.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Президент залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү сунушун колдоп берүүнү суранып, курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG