Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Бишкектеги “Ош” базары көчүрүлүп, ордуна парк салынары айтылды


Бишкек шаарындагы “Ош” базары.
Бишкек шаарындагы “Ош” базары.

16-декабрда президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда 2024-жылы Бишкектеги “Ош” базары “Манас” эл аралык аэропортуна бараткан жолго көчүрүлүп, базардын ордуна парк салынарын айтты. Андан тышкары Батыш автобекети да шаардын сыртына чыгарыларын билдирди.

Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы “Ош” базары Фучик көчөсүндөгү айланма жолго жакын жерге көчүрүлөрүн кабарлаган.

“Ош” базары буга чейин үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар “базарды көчүрүү максатында атайын уюштурулду” деген божомолдорун айтышкан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол кезде “Ош” базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, ал атайылап өрттөлгөн болушу да мүмкүн экенин маалымдаган.

Бийлик борбор калаанын ичиндеги чоң-чоң базарлар, автобекеттер шаардын сыртына чыгарылса автоунаа тыгындары азая турганын билдирип келет. Жолдогу тыгынга байланыштуу базардын тегерек-четин тазалоо иштери буга чейин да жүргүзүлүп, көп жыйынтык берген эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG