Президент Сокулук, Ысык-Атанын айрым аймактары Бишкекке кошуларын айтты

Садыр Жапаров. 16-декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым аймактары Бишкекке кошуларын, муну менен Бишкек 2 миллион киши жашаган шаар болорун билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

6-декабрда басма сөз жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейерин кабарлаган.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар.

Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. Шаарда 1 миллиондон ашык калк жашайт.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде облустарда айыл-аймактарды ирилештирүү иштери жүрүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров элди шайлоолорго активдүү катышууга чакырдыАктивист Адилет Балтабай Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды“Умтулуу-2023” медиа сыйлыгы тапшырылдыЖапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салдыУкраина патриарх Кириллге издөө жарыяладыКурултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү сунушу айтылды