Активист Адилет Балтабай Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды

Адилет Балтабай.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 16-декабрда “Азаттыкка” активисттин адвокаты Эрлан Казаков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Адилет Балтабайды 15-декабрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Буга Чүйдүн Сокулук райондук соту 10-ноябрда активистке колдонулган пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарганы негиз экени көрсөтүлгөн. Эрлан Казаков Сокулук райондук сотунун бул токтомуна каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин жана отурум 22-декабрга дайындалганын кошумчалады.

“22-декабрда саат тогузда сот отуруму болмок. Ага карабай Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны кармап кетишти. Адилет Балтабайды бүгүн эртең менен Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту”, - деди Эрлан Казаков.

15-декабрда Адилет Балтабай “Азаттыкка” аны “Сокулук районунун милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз” деген адамдар автоунаага салып Сокулукка алып кетишкенин билдирген.

Милиция бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Сокулук райондук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрель айында эркиндикке чыккан.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (BTo)

Дагы караңыз Блогер Адилет Балтабайдын иши. Пробация капканга айландыбы?

Дагы караңыз

“Умтулуу-2023” медиа сыйлыгы тапшырылдыЖапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салдыУкраина патриарх Кириллге издөө жарыяладыКурултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү сунушу айтылдыБишкекте cуу ташкынынан кийин “Бишкексуучарбанын” жетекчиси кызматтан алындыЙемендик хуситтер Кызыл деңизде эки кемени аткылашты