Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Йемендик хуситтер Кызыл деңизде эки кемени аткылашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл деңиздеги эки жүк ташуучу кеме 15-декабрда йемендик хуситтердин аткылоосуна кабылды. Маалыматка караганда, Грекиядан Сингапурга Либериянын желегинин алдында бараткан "Аль Жасра" кемесине дрон же баллистикалык ракета менен чабуул коюлган. Либериянын желеги алдында Мозамбиктен Сауд Арабиясына багыт алган дагы бир кемеге ракета түшкөн. Эки кемеде тең өрт тутанып, өчүрүлгөн. Жараат алгандар тууралуу кабарланган жок.

Аткылоолор үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна эч ким алган жок. Бирок чабуул йемендик хуситтер көзөмөлдөгөн аймактан жасалганы кабарланды. Буга чейин хуситтер Кызыл деңиз аркылуу Израилге бараткан жана ага тиешелүү кемелердин баарына кол салышарын маалымдашкан. Кол салынган кемелердин бири германиялык, экинчиси швейцариялык компанияларга таандык экени кабарланды.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге кол салышы деңиз соодасына коркунуч жаратарын билдирди.

Ушуну менен хуситтер Кызыл деңиздеги кемелерге төртүнчү ирет кол салып жатышат. 12-декабрда Норвегиянын желеги менен бараткан танкерге баллистикалык ракета менен сокку урулган. Ал эми 3-декабрда америкалык “Карни” кемеси аткылоого дуушар болгон.

XS
SM
MD
LG