Украина патриарх Кириллге издөө жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин, Коргоо министри Сергей Шойгу жана Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кирилл.

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кириллге (Владимир Гундяев) издөө жарыялады.

Украинанын Ички иштер министрлигинин издөө базасындагы маалыматка ылайык, ага “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен айып коюлган.

Украинанын Коопсуздук кызматы ноябрь айында патриарх Кириллге Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси - “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу”, “Орусиянын Украинага куралдуу агрессиясын актоо” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен сыртынан айып тагылганын билдирген.

Патриарх Кирилл согуш башталгандан кийин Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы храмында диний жөрөлгө өткөрүп, Донбасста “метафизикалык күрөш” жүрүп жатканын айткан жана Украинанын бийлигин чиркөөнү бөлүп жарууга айыптаган.

Ал ошондой эле Орусия эч качан эч кимге кол салбаганын кеп кылып, өлкө тарыхый аймактарын кайтарып жатканын жарыялаган. (BTo)

Дагы караңыз

Курултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү сунушу айтылдыЖапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салды“Умтулуу-2023” медиа сыйлыгы тапшырылдыБишкекте cуу ташкынынан кийин “Бишкексуучарбанын” жетекчиси кызматтан алындыЙемендик хуситтер Кызыл деңизде эки кемени аткылашты