Бишкекте cуу ташкынынан кийин “Бишкексуучарбанын” жетекчиси кызматтан алынды

Ала-Арча каналын муздан тазалоо иштери. 15-декабрь, 2023-жыл

Бишкекте Ала-Арча каналындагы суу ташып, көчөлөрдү каптаган окуядан кийин шаардын мэри Айбек Жунушалиев орун басары Жыргалбек Шамыралиевге, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевге сөгүш берди.

“Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулу “Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды азайтуу боюнча иштерди жакшы жүргүзгөн эмес жана кырдаалды өз убагында жөнгө сала алган жок” деген негиз менен кызматынан бошотулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бул чечимдер 15-декабрда өткөн кеңешмеде кабыл алынганын билдирди.

15-декабрда Ала-Арча дарыясынын нугуна муз тоңуп, суу анын жанындагы жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана үйлөрдүн короолорун каптаган. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Ала-Арча каналындагы суу дароо көбөйүп, тосмодон ташып кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Йемендик хуситтер Кызыл деңизде эки кемени аткылаштыХанзаада Гарри телефондорду тыңшоо иши боюнча сотто утту Милиция активист Адилет Балтабайды камакка алганы айтылууда15-декабрь: Бишкекте Арстан Алай, Европада ХАМАСтын жардамчылары кармалдыОрусияда аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды Украинадагы айылдык кеңештин жыйынында депутат граната жардырды