Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:19

Ханзаада Гарри телефондорду тыңшоо иши боюнча сотто утту


Британиянын ханзаадасы Гарри жубайы менен.
Британиянын ханзаадасы Гарри жубайы менен.

Лондондун Жогорку соту Британиянын ханзаадасы Гарринин бир нече басылмага каршы арызын канааттандырды. Ал Daily Mirror, Sunday Mirror жана Sunday People гезиттерин чыгарган Mirror Group холдингинин журналисттерин телефон тыңшоо сыяктуу маалымат чогултуунун мыйзамыз жолдорун колдонгону үчүн айыптаган. Эми аталган басылмалар Гарриге 180 миң доллардай кенемете төлөп берүүгө тийиш. Британ маалымат каражаттары жазгандай, Гарри 130 жылдан ашуун убакыттан бери сотто көрсөтмө берген алгачкы падышалык үй-бүлө мүчөсү болду.

Би-би-си жазгандай, Гарринин версиясына караганда, журналисттер коопсуздук системасындагы техникалык алешимдиктерден пайдаланып, анын достору жана жакындары жиберген аудио каттарды тыңшашкан.

Маалыматка караганда, дал ушундай жол аркылуу Гарринин мурдагы сүйлөшкөн кызы Челси Дейви жана агасы Уильям менен болгон пикир келишпестиктери гезит беттерине чыгып кеткен.

Ханзааданын адвокаты соттун чечимин “чындыктын жана жоопкерчиликтин жеңиши” деп атады.

Гарри - Британиянын азыркы падышасы Карл IIIнүн кичүү уулу. Ал расмий падышалык үй-бүлөнүн мүчөсүнүн милдетин аткарбайт. Жубайы Меган Маркл менен учурда АКШда турат.

XS
SM
MD
LG