Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:45

Орусияда аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды


Орусияда алгачкы жолу аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды. Челябинск облустук соту 21 жана 24 жаштагы ага-инини “жарандык алып жатканда, аскердик каттоого турбаш үчүн атайылап жалган маалымат берген” деген кине менен ушундай чечим кабыл алганын жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы 15-декабрда билдирди.

Алар буга чейин кайсы өлкөнүн жарандары болгону так маалымат берилген жок, болгону мурдагы Советтик союзга кирген мамлекеттен экени айтылы. Маалыматка караганда, ага-ини быйыл жайында өткөрүлгөн “Мыйзамсыз мигрант” операциясынын маалында кармалган.

Орусияда мыйзамга ылайык, жарандык алган аскерге милдеттүү адам эки жума ичинде каттоого турушу керек. Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Елена Довбенконун “Интерфакска” берген комментарийине ылайык, ага-ининин орус паспорту алынат. Андан кийин алар Орусиядан өз ыктыяры менен чыгып кетиши керек, болбосо күч менен депортацияланат.

Орусияда аскердик каттоого туруудан баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан ажыратуу сунушун буга чейин Тергөө комитетинин башчысы жана Мамдуманын депутаттары сунуштап келишкен. Ошондой эле алар Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттарга дагы ушундай эле чара колдонуу керек экенин айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG