Украинадагы айылдык кеңештин жыйынында депутат граната жардырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Закарпатье облусундагы Керецковский айылдык кеңешинин депутаты жыйын маалында бир нече граната жардырып жиберди. Жыйынтыгында 26 киши жараат алганы, анын ичинде алты кишинин абалы оор экени кабарланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жардырууну “Эл кызматчысы” партиясынын депутаты Сергей Батрин уюштурган. Ал дагы оор абалда реанимацияга жеткирилди. Кээ бир медиалар ал каза болгонун жазышууда.

Украианын Улуттук полициясы жарыялаган видеодо депутат залга кирип келери менен жерге үч граната ыргыткан.

Ноябрь айында гранатанын жарылуусунан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын жардамчысы Геннадий Частяков көз жумган. Маалыматка караганда, гранаталарды анын туулган күнүнө белек катары беришкен.

Дагы караңыз

Орусияда аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды УКМК “Ала-Арча” соода борборунун 2 миң чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирдиМэрия Бишкекте каналдагы суу ташкыны токтотулганын билдирди